super.kg logo
  Спорт  

Футбол федерациясынын президенти болуп Канатбек Маматов шайланды

 

Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кезексиз жыйыны өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында федерациянын жаңы президенти шайлады. Бул тууралуу федерациянын маалымат катчысы билдирди.

"Жыйында 2 суроо көтөрүлдү. Анын биринчиси Семетей Султановдун отставкага кетүү чечимин кабыл алуу болсо, экинчиси жаңы президентти шайлоо болду. Биринчи маселе боюнча федерациянын делегаттары Султановдун отставкасын кабыл алышты. Ал эми президенттике талапкер койгондордон жалгыз Канатбек Маматов болуп, ал футбол федерациянын президенти болуп, 4 жылдык мөөнөткө шайланды", - деп билдирет федерация.

Буга чейин 10-январда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматтан кете турганын жарыялаган. Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-саптан орун алган.

Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.02.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоо балабыз мыкты иштеди деп мактап кетипсинерго))
09.02.2019. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилерде футболго кызыгуу кучоду,эми мындан да алдыга жылабыз деген умуттомун.
09.02.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Семетей жакшы иштеди. Дуйнолук рейтингде абдан жогору которулды кыргыз улуттук курамы. Азаматсын Семетей.
11.02.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кыргыз футболунун атагы алыска таратууда Маматов күчүнүн болушунча иш кылыш керек. Жыйынтык көрсөтүшү керек. Антпесе көтөрүлө албайбыз.
11.02.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маматов мыкты адис экен омур баянын окуп ынандым ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: