Жалал-Абад. Шаардын көчөлөрүндөгү жөө адамдар өтүүчү жолдор оңдолууда
Учурда Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндөгү жөө адамдар өтүүчү жолдор оңдолууда. Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башчысы Акылбек Нуркуловдун билдиришинче, бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом акча бөлүнгөн.
"Буга чейин көчөнүн мындай бөлүктөрү ак боёк менен сырдалып келген. Ал боёк 5-6 айга гана жетчү. Быйыл термопластты колдонуп жатабыз, мунун сапаты жакшы болгондуктан, 3-4 жылга жетет. Бул иштер жолдордун сапатын жакшыртып, жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна шарт түзөт",- дейт Нуркулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.