super.kg logo

Башкы прокуратура: "Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев кызматтык батирлерди тизмеде акыркы болуп жазылгандарга берип салган"

 
УКМКнын мурунку бөлүм башчысы Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен БАЭге барып келгенден кийин суракка чакырылган. Бул тууралуу айтып чыккан КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Дамир Мусакеев негизсиз айыпталып жатат, бул нерсе Атамбаевдин жанында калган адамдарды жок кылуу аракети" деп билдирген эле.
Башкы прокуратура Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге кандай айып тагылып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, Дамир Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп туруп 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган.

"Ал Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин талаптарын бузуп, үй алуу үчүн көп убакыттан бери кезекте турган кызматкерлер бар экенине карабай, кызматтык батирлерди тизмеде акыркы болуп жазылган жакын адамдарына бөлүштүрүп берген.

Мындай жол менен 15 кызматтык батир мыйзамсыз берилген. Анын ичинде мурун үй алган үч кызматкер кайра эле турак жай алганы белгилүү болгон. Натыйжада турак жайга муктаж болгон 9-кызматтын 18 кызматкери батир ала албай калган. Мусакеевдин мындай иш-аракеттеринин кесепетинен мамлекеттик бийликтин кадыр-баркы кетип, жарандардын мыйзамдуулукка болгон ишеними жоголгон.

Бир нече арыздардан кийин аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрдү. Жогорудагы жагдайлар эске алынып, 7-февралда Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы Мусакеевге "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүү жөнөттү.

Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту Мусакеевге карата өлкө аймагынан сыртка чыкпоо боюнча чечим чыгарды. "Кызматтык батирлер жеке менчикке өткөн эмес, ошондуктан мамлекетке зыян келтирилген жок" деген пикирлер жөнсүз. Анткени Мусакеев кызматтык абалынан пайдалануу боюнча шектелип жатат. Айта кетүүчү нерсе, УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринде кайсы бир убакыттан кийин турак жайды жеке менчикке өткөрүп алуу укугу бар", - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Мындан сырткары буга чейин турак жайды бөлүштүрүүдө кызмат абалынан пайдаланганы үчүн коргоо министри жана анын орун басары кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.02.2019. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан тойот булар эптеп жесем озумку кылсам арам экенин билесинерби? Арам жегендееер байбыз деп керсейбегиле арам жегендер
Модератор admin_media түзөттү 2019-02-09 18:06:21
09.02.2019. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамды билбесен кызматка барбай эле Атамбаевди кайтарып журо берсен бул баш оору жок эле го.
11.02.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,эн башкысы азыркы бийликтегилердей болуп "саткын" болгон жок, азамат, эркексин...! сенден улгу алышсын азыркы бийлик, болбосо жаны бийликтеги кызматын сактап калуу учун 5 мунотто саткынга айланып койсо мунун баары болбойт болучу, кызматы болот эле, же саткын болгону учун дагы жогорку кызматка отурат эле. Эн башкысы адам бойдон калуу кажет
10.02.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да уй бергилечи алайынчы жер участок болсода
11.02.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАга таянган Д. Му[moderated]ев УКМКнын 9-кызматына бөлүнгөн 15 кызматтык жаңы батирлерди кезекте узак жылдарлан бери алдыңкы орунда турган кызматкерлердин укугун тебелеп, КР Турак-жай кодексин да көзүнө илбей, кезектин артында турган өзүнүн жакын досторуна таратып берген экен. Ал досторунун үчөө мурда дагы мамлекеттен батир алышканына да караган эмес.
Bazake түзөттү 2019-02-11 10:28:35
11.02.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз Му[moderated]ев калды эле, эптеп каралаш керек болуп бир нерсе таап чыгышты окшойт, азыркы бийлик да эртедир-кечтир бийликтен кетээрин, оздору да ушул абалга келип калаарын ойлоп жатышат болду бекен? Азыр ким, эмне кылып кыйратып жатат? Бул бийликтин кишилери деле пара менен кармалып жатышпайбы, кармалбагандары канча? Тарыхты мылтык менен атсан келечек сени замбирек менен тосуп алаарын унутпагыла, откон бийликтин былыгын чукугунга убакыт коротпой, олкону бугун кантип онуктурууну ойлонсоно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: