super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү боюнча даярдыктар текшерилди

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мониторинг борбору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. Алар андан соң "Кыргыз почтасы" аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Өкмөт башчыга билдирилгендей, бүгүнкү күнү бардык даярдыктар талапка ылайык белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатат. Бардык материалдык-техникалык база даярдалган, тийиштүү окутуудан өткөн кызматкерлердин штаты түзүлгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев мониторинг борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышты. Тийиштүү маалыматтар аталган башкармалыктын расмий сайтынын "Коопсуз шаар" бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Тутумдун долбоорду ишке киргизүүгө даярдыгы менен таанышкан соң премьер-министр долбоорду баскычтуу ишке киргизүүнү тапшырды.

"12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айып пулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.02.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер, мен машинамы өзүмө өткөрө элекмин. Балам кечээ тех.паспортту айрып салыптыр .
Кандай кылып калыбына келтирсем болот ?
11.02.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер.кг нин жалпы жамаатына кайрылат элем өзүнө катталбаган машиналар эмне болот ээси Казахстанга көчүп кетип барып каза болуп калыптыр получается эреже бузсам мага эмес кыргыз жарандыгынан чыгып кеткен жана каза болуп калган адамга жазыла береби эмнеге ушуларды толук ойлонуштурбай же женилдетпей эле ишке ашырып жатышат каттоо кызматы оформления 700 сом дейт барсаң 13 мин болот дейт эмнеге ушуларды карашпайт
11.02.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumahmatov, саламатсызбы! Суроо-сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
11.02.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул коопсуз шаар деген боло турган нерсеби, коопсуз шаар болот дегенден бери тико жип болуп чоноюп кетти го.
11.02.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,бул коопсуз шаар эмес, бул акча топтомой шаар болот. Себеби штрафтар бюджетке кетпейт толугу менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: