super.kg logo

Ысык-Көл ОИИБи: "9 жашар баланын өлүмү боюнча шектүү катары эч ким кармала элек"

 

Чолпон-Ата шаарында муунтулуп каза болгон 9 жашар баланын өлүмү боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалык тергөө иштерин өз көзөмөлүнө алган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, муунтулуп каза болгон баланын өлүмү боюнча бир нече версияда иликтөө иштери жүрүүдө.

"Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү катары эч ким кармала элек. Дайындалган тийиштүү экспертизанын айрым жыйынтыктары чыккан. Ал эми баланы акыркы жолу жакындарынан башка эч ким көргөн эмес. Ошондуктан алар суракка чакырылган. Бирок аларга эч кандай айып угузулган жок", - деди басма сөз кызматкери.

Буга чейин баланын апасы: "Милиция өз баламдын өлүмүнө кызым экөөбүздү шектеп жатат", - деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: