super.kg logo
  Спорт  

UFC менен келишим түзгөн кыргыз мушкери Рафаэль Физиев: "Буюрса, октагондо Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын желегин көтөрөм"

 

"Буюрса, октагондо Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын желегин көтөрөм". Мындай пикирин жакында эле UFC уюму менен келишим түзгөн кыргыз мушкери Рафаэль Физиев социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, UFC уюму менен келишим түзүү анын кыялы болгон.

"Бир нече күн өтсө да UFC уюму менен келишим түзгөнүм тууралуу жаңылыкка ишене албай жатам. Ал менин кыялым болчу. Бул максатты ишке ашыруу үчүн көптөгөн кыйынчылыктардан өттүм. Алдыда мындан дагы оор сыноолор күтүп жатат. Мунун баары менин үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, досторумдун, менеджерлеримдин, машыктыруучуларымдын жана спарринг-өнөктөштөрүмдүн колдоосу менен ишке ашууда. Буюрса, октагонго 2 желекти көтөрүп чыгам. Биринчиси, мекеним Кыргыз өлкөсүнүн желеги болсо, экинчиси, мен азербайжан улутунан экенимди түшүндүргөн символу Азербайжандын желеги болот", - деп жазган Физиев.

"Атаман" деген каймана атка конгон Рафаэль Физиев - тай боксунун IFMA түрү боюнча Азия жана Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону, аскер урушу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону. Ошондой эле 2009-жылы Таиландда өткөн тай боксу боюнча Дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 2010-жылы Орусияда өткөн континенттер аралык чемпиондуктун жеңүүчүсү. "Shepdogg" сайтынын версиясы боюнча, профессионалдык рингде 6 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.

Ал UFC'деги алгачкы беттешин UFC ESPN+7 мелдешинде өткөрөт. Мелдеш 20-апрель күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
11.02.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Азамат экенсинго
11.02.2019. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карагыла ХХХ ХХХ ХХХ.чык Бир эле желек менен.я тебя больше не уважаю
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-11 15:41:27
11.02.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Kalnazarov89, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
11.02.2019. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
жакшыгоо бирок деген жери бар экен Кыргызтанда коптогон улут элдери жашайт эртен бир озбек кыргызстанда туулгам бирок озбекмин деп эки желектин астында чыкса болот экенда тушунбодум бул "атаманга"
11.02.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кудай буйруса Бусурманкул чыгат ошондо чындап кыргыз деп суйунсок болот!!!
11.02.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мушташып желек которбой эле койгулачы! Мусулман адамга мушташып бироонун денесине атайы залал келтирген болбойт. Кыргыздын желеги ансыз деле желбиреп келген. Андан коро мээни иштетип желбирете турган тармактарга баш отубуз менен киришели туугандар..
11.02.2019. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Биздин желек мн чыксан чык болбосо чон кочо ,аны мн чыгам муну мн чыгам дей бербей
11.02.2019. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Буга караганда мусулман эмес деп жаман көргөн Шевченко кызыбыз азамат! Кыргызстандын желегин желбиретип койду, Россияныкын кошо алып чыгам дебестен
12.02.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aikaaaa, оой сулуу кыз Шевченкоң деле бир жагына кыргыздын экинчи жагына Перунун желегин көтөрүп жүрөт.
11.02.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Экинчи желегинерди которуп алып кеткиле ошол жагынарга.
11.02.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунун иши го,ордунда башкасы болсо деле оз улутун сатмак эмес го?
11.02.2019. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аныда тушунуп керек менда башка олкодо торолуп бирок канында кыргыз каны бар болсо кыргыз желегинда алып чыкмакмын
12.02.2019. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын желегин которбой эле койучу озубуздун нукура кыргыз жигиттери которот желегибизди
12.02.2019. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахаха желеке азылган желмогуз типа Патириоттор)))))
12.02.2019. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсеге мен да каршымын Кыргызстандын эле желегин которуп чыкканы туура го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: