super.kg logo

Казакстанда беш бир тууган кыздын өмүрүн алган өрттүн келип чыгуу себеби айтылды

 

Астанадагы беш кыздын өмүрүн алган өрттүн келип чыгуу себеби айтылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өрт түтүн чыга турган морду жасоодогу өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандан улам келип чыккан.

"Үйдүн шыбы мордон келчү ысыктан корголгон эмес. Бул мешти колдонууда өрттүн чыгышына себеп болгон. Үйдүн чатыры күйүп, кулап түшкөн", - деп жазылат маалыматта.

4-февралда Астананын Көктал-1 конушунда жеке турак үй өрттөнүп кеткен. Мунун кесепетинен бир үй-бүлө беш баласынан ажырап калган. Алардын баары кыздар, эң улуусу 13 жашта, кичүүсү болгону үч айлык экени маалым болгон. Өрт түнкү саат 2-3төр чамасында чыгып, ичиндегилерди куткарууга мүмкүн болбой калган. Бул учурда балдар үйдө жалгыз болушкан. Ал эми ата-энеси жумушта болгон.

Учурда Астанада көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө текшерүү жүргүзүлүп, истүү газ тууралуу кабар берип турчу атайын жабдуулар орнотула баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
11.02.2019. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башка коп балалуу уйлорду текшере башташты маладцы
11.02.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен иштеген жерде кайрымдуулук акциясын уюштурушуп 1000 тенгеден жыйнап бердик.
А бирок, аттин кыздардын кырчындай омуру кыйылды....
12.02.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озун сакта.Кандай кыйынчылык ишеним менен остуросун балдарды.Аны торогон энечи.Сабыр берсин энесине.Палакаттан кудайым озу сактасын.
12.02.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайда эле деп ата-энемди сөкпөңүз,
Кар үстүндө тамак издеп кеткен из.
Жер үстүнөн жайлуу орун таба албай,
Түн ортосу учуп кеттик көккө биз...

Эми бакча, мектеп, үйгө барбайбыз,
Эми калем, сумке сатып албайбыз.
Хан сарайды берсеңер да эми биз,
Ичин чачып, уу-дуу оюн салбайбыз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: