Бүгүнкү күндө эмгек миграциясында чет мамлекеттерде 710 миңден ашуун Кыргыз жараны жүрөт
Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө мекеменин 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2019-жылга карай артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эмгек миграциясында Кыргыз Республикасынын 710 миңден ашуун жараны жүрөт. Анын ичинде Орусияда 640 миңден ашуун, Казакстанда 30 миң, Түркияда 30 миң, Түштүк Кореяда 15 миң, алыскы чет өлкөдөгү башка өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам бар.
КМШ Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын башына карай 74 миң 541 адамга Орусия аймагына кирүүгө тыюу салынган, ал эми 2018-жылдын соңуна карата чектөө коюлган жактардын саны 65 миң 532 адамга кыскарган.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: "Жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан бул жаатта чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр бар. Биринчи кезекте Миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгуу, чет жердеги мекендештерди колдоого алуу программасын бекитүү зарыл. Президенттин жарлыгына ылайык, президентке караштуу чет жердеги мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш түзүлгөн. Анда Мамлекеттик миграция кызматы аталган кеңештин катчылыгы болуп саналат. Бул багытта катчылыктын толук кандуу ишин активдештирүү зарыл. Белгилесем, айрым тапшырмалар жана бир катар программалардын пункттары өз мөөнөтүндө аткарылбаган бойдон калууда. Бул маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деди.

