super.kg logo

Казакстанда катталган катуу сууктан 3 адам каза болду

 

Казакстанда катталган катуу сууктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын аймагында 6-февралдан 9-февралга чейин катуу суук катталган. Анда айрым аймактарда абанын температурасы түнкүсүн -39 градус суукка жеткен. Костанай облусунда үйүнүн короосунда эркек киши тоңуп өлгөн. Маркум ичкиликке берилген адам экени маалымдалууда. Ошондой эле ушул эле облустун аймагында жашаган дагы эки аялдын өлүмү катталган.

"Астанада катуу сууктан жабыркап медициналык жардам сурап 14 адам кайрылган, анын төртөө кичинекей балдар. 2017-жылы туулган бала катуу үшүп калып, ооруканага жаткырылган. Калгандары аймактык ооруканаларга жиберилген. Эл көп кабаттуу үйлөрдө суук болгондуктан электр жылыткычтарды иштетишкенин билдиришкен. Учурда бул маселе боюнча тиешелүү мекемелер текшерүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин январь айынын башында бир апта аралыгында АКШда катуу суук катталып, 16 адамдын өмүрүн алганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.02.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иии... ит оло турган сууук деп ушуну айтат да эээ... ит эмес адам олчу суук да болот эээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: