Мектепте 50 жыл иштеген мугалим окуучуну урду деп талкууга калып, иштен алуу сунушталды. Өзү куру дооматка калганын айтат
Жакынкы күндөрдө интернет айдыңына "Аксакал мугалим окуучуну сабап жатат" деген видео тарап талкууга алына баштаган. Улгайган адамга бул талкуу оор тийгенин ал иштеген мектептин директору SUPER.KG порталына айтып берди.
Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Март айылдык мектебинде 21-январда орун алган. Мектеп директору Жумакүл Абданбаеванын айтымында, видеосу тараган мугалим мектепте 50 жылдан бери иштеп келет.
"Айылда мугалим жетишсиз. Ал агай физика-математика сабагынан окутат. 14 саат менен иштейт. Бул жылы мен иштен чыгайын деп келгенинен мугалим жетишсиз экенин айтып алып калган элем. Эми ушундай абалга туш болуп отурат.
Бул боюнча жыйналыштар, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Агай окуучуну урган эмес. Бала 7-класста окуйт, бала да шоктугунан агайды ошол абалга жеткирген. Сабак учурунда алдыңкы партада отуруп алып башка балдарга жымсалдап, шылдың кылып жатыптыр. Мындан улам мугалим аны сыртка, коридорго чыгарып коюптур. Сыртка чыгып алып улуу эле агайды сөккөн экен, ачууланып аны жакасынан кармап жулкулдатып койгон. Класстагы бир кыз видеого тартып алып өзүнүн туугандарына көрсөтүптүр. Ошентип отуруп баланын Орусияда жүргөн ата-энесине жеткен.
Бирок бала экенин ата-энеси түшүнөт да, агайга эч кандай доосу жок экенин айтышкан. Бала эч кандай жаракат алган эмес", - деди Абданбаева.
Ошондой эле мектеп директоруна бул видео коомчулукка тарап, ЖМКлар жайылта баштагандан кийин ал мугалим жумуштан кетерин айтып кайрылган. Бирок мектеп жетекчиси мугалим жетишсиз болуп жатканда аны иштен кетире албай турганын айткан.
"Мектепте 272 окуучу билим алат. Физика-математика сабагынан окуткан дагы бир мугалим бар, ал 24 саат менен иштейт. Мындан улам мен агайды иштен кетире албай жаткам. Бирок кечээ, 11-февралда райондук билим берүү бөлүмүнөн чалышып, иштен алууну сунушташты. Бүгүн ал мугалим келсе бул сунушту айтууга аргасызмын", - дейт ал. Ошондой эле Абданбаева мугалим ушул жылдын апрель айында 77 жашка толо турганын, бирок иш жөндөмү баары жакшы экендигин кошумчалады.
Ал эми мындай абалга туш болгон мугалим абалды түшүндүрүп, өзү видео тараткан. Анда ал "окуучуну урбасам да дооматка калдым" деп айткан.
77 жаштагы мугалим куру дооматка калганын айтат
Мугалим окуучуну урду деп талкууга калды

Азыркы балдар баардыгы чын тийбес арысчыл жумуртка
Азыркы жаштар эмне эле болуп баратат,бир ааз сабырдуу болуш керек.
Кичине сабап окутпасан ансыз мумкун эмес,биздин мектептерде.