super.kg logo
  Саясат  

Аксыдагы чек арачылардын атышуусу Өзбекстандын аймагында болгонун өзбек ММКлары жарыялашууда

 
Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан каза болгон жаран өзбекстандык кенже сержант Р.Толипов экендигин өзбекстандык ММКлар жарыялашты. Ал эми жаракат алган Т.Жураевге Наманган облусундагы ооруканада операция жасалып жаткандыгы, абалы оор экендиги кабарланды. “Окуя Өзбекстандын аймагында болду. Кыргыз чек арачылары Өзбекстан тарапка өткөндө, өзбек чек арачылары алардан мамлекеттин аймагынан чыгып кетүүнү талап кылышып, бирок кыргызстандыктар макул болушпай, биринчи ок чыгарышкан. Бул окуяга байланыштуу Өзбекстандын Чек араны коргоо комитети Кыргызстандан түшүндүрмө берүүнү талап кылууда”,- деп жазылган маалыматта. Эске сала кетсек, бүгүн, 23-июлда Аксы районунун "Жетизагара" чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, бир өзбек чек арачы каза тапкан. Жаңжалды өзбек тарап баштаганын КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: