Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мурдагы финансы министри Ольга Лаврова дагы коррупция боюнча айыпталууда
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорундагы коррупциялык иштер боюнча материалдар иликтенип бүттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.
Анда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси боюнча УКМК тергөө иштерин жүргүзгөн.
Бул боюнча кылмыш ишине тийиштиги бар делген мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова дагы коррупция боюнча айыпталууда.
Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын 11-февралында материалдар Свердлов райондук сотуна келип түшкөн. Биринчи соттук отурумдун качан боло турганы азырынча белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

