super.kg logo

Камчыбек Жолдошбаевдин мас абалда жол кырсыгына кабылган күйөө баласы 3 ай мурун эле 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген

 

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин мас абалда жол кырсыгына кабылган күйөө баласы Айбек Сыдыков 3 ай мурун 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын 5-октябрында Бишкектеги "Ретро-Метро" түнкү клубунда
милиция кызматкерлери менен түнкү клубдун кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен бул ишке милициянын подполковниги Айбек Сыдыковдун катыштыгы бар экени аныкталып, ага тартип жазасы колдонулган. Мындан сырткары өз учурунда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук", "бейбаштык менен курал колдонуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери менен кылмыш иши ачылып, иш сотко өткөрүлүп берилген.

"2018-жылдын 22-октябрында Биринчи Май райондук соту тарабынан Айбек Сыдыков Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) негизинде айыптуу деп табылып, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген. Анын жактоочусу райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылган. Арызы азырынча карала элек. Ал эми козголгон кылмыш иштин негизинде Бишкек ШИИББинин кызматкери Айбек Сыдыков кызматынан бошотулуп, мекеменин карамагында болгон. Учурда анын жол кырсыгына кабылганы боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы текшерүү жүргүзүүдө", - деп билдиришти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.02.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эми уяла берсениз болот... Шапканызды ылдый тушуруп кийип калдынызбы?
Kattaldym түзөттү 2019-02-12 12:29:37
12.02.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шапка анын бетин жаба албайт чоңураак тебетей кийиш керек заказ берип бетин жапкыдай кылып тиктирип күйөө баласы подполковник болсо көзүн май баскан көпкөн киши да кааласа ичип алып айдайт сүзүшпөсө аны эч ким тосмок эмес тоссо да унчукпайт аларга карга карганын көзүн чукубайт биринчи ушундайлар тартип сактап үлгү болсо элге анан эл да оңолмок муну катуу жазалаш керек жөнөкөй бей бечаралардын машиналарын талкалады алар балким ошол унаалары менен үй бүлөөсүн багышчу канча күн ачка калышат эми?
12.02.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
шарттуу кесилип чоң посто иштеп жаткан экен ээ Кыргызстан эч качан оңолбойт штрафты көбөйтүңөр карапайым эл кыйналып калды чоңдун балдар жана чоңдоруң законуңа түкүрүпта койбойт бүгүн жаңылыктан айтасыңар эртеси иштен кетирип кайра эле чоң ишке орноштуруп койот анан ошолор талтаңдабаганда ким талтаңдайт?
12.02.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уялчаактар куйдурдуго адамды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: