Бишкекте турак үй өрттөнүп, 3 наристе түтүнгө ууланды
Бишкектин Свердлов районундагы Келечек конушунда жайгашкан турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 3 наристе түтүнгө ууланган.
"Алар 3 жаштагы Т.Н., 2 жаштагы Т.З. жана 1 жаштагы Т.А. экени белгилүү болгон. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы орто деп бааланууда. Ал эми өрттүн себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.