super.kg logo

Өзгөндө жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, 4 жүргүнчү жаракат алды. Баары тең 20-22 жаш курактагылар

 

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 4 адам ооруканага түштү. Мындай маалыматты Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-февраль күнү саат 00:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 609-чакырымында, тактап айтканда, Прогресс айылындагы унаа жолдо болгон.

"ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны Өзгөн районунун 20 жаштагы тургуну М.Т. айдап бараткан. Айдоочу жолдо бара жаткан КамАЗ унаасын артынан сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан 22 жана 20 жаштардагы төрт адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Бул жол кырсыгы боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.02.2019. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мингени жигули, айдаганы 180, өзү Орусиянын машиналары максимум 80-90 эле, андан нарагына машинаң калкып калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: