Талас. Дыйкандар үчүн "Жерди сактайлы" деген аталышта топуракты жакшыртуу боюнча акция өткөрүлдү
			
			Таласта
голландиялык Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү уюмунун колдоосу менен
“Агролид” коомдук бирикмеси тарабынан “Жерди сактайлы” аттуу акция-кербен болуп
өттү. 2010-2011-жылдардагы топурактын асылдуулугун сактап калуу боюнча кеңири
масштабда изилдөө жүргүзүлүп, натыйжада дыйкандар агротехнологиялык эрежелерди
сактабагандыктан жер кыртышы бузулуп, топурак асылдуулугун таптакыр жоготуп
бараткандыгы белгилүү болгон. Акциянын максаты - дыйкандарга айыл чарба
тармагында  кеп-кеңештерди, жерди кантип
пайдалануу керек экендиги жөнүндө маалымат берүү.
 
			
			
			
			
				
			
						
				
					
									
				
								Автор: Нургүл Чабдарова
												 
			
	
	 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 13:05
				 2025-11-02  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














