Ысык-Көлдө мас абалда жалган маалымат айтып милиция чакырткан жаран айып пул төлөдү
Ысык-Көл облусунда жалган маалымат айтып милиция кызматкерлерин чакырткан жаран айып пул төлөдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ысык-Көл ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ананьево айылынын 32 жаштагы тургуну телефон чалып, аны 5-6 адам сабап жатканын айткан.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу эч кандай сабоо фактысы катталбаганын жана телефон чалган жаран мас абалда болгонун аныктаган. Ошондой эле кошуналары да мындай окуя болбогонун тастыкташкан. Мындан улам 32 жаштагы жаран Административдик кодекстин 83-беренесин (адистешкен кызматтарды атайылап жалган чакыруу) бузгандыктан айып пул төлөө протоколу түзүлгөн.
Ал эми айыпталган жаран 5500 сом айып төлөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.