super.kg logo

О! мобилдик оператору түйүндөн тышкаркы акысыз мүнөттөрдү кошуп жатат

 

"НУР Телеком" ЖЧКсы (О! мобилдик оператору) жигердүү катышуучусу болгон операторлордун ортосундагы туташуунун баасын төмөндөтүү боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Анын натыйжасында 2019-жылдын 1-январында операторлор менен Антимонополия боюнча мамагенттиктин жана Мамлекеттик байланыш агенттигинин катышуусунда Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунун ортосундагы келишимдердин жана эсептешүүлөрдүн негизинде этап-этабы менен ырааттуу төмөндөтүү боюнча келишимге кол коюлду.

Операторлор аралык коюмдар жана интерконнект боюнча жетишкен келишимдерди эске алуу менен О! мобилдик оператору компаниянын учурдагы тарифтерине оң өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алгачкы кадамдарын таштады жана кошумча акысыз түйүндөн тышкаркы мүнөттөрдү кошууну баштоодо. Өзгөрүүлөр эмне үчүн топтомдук тарифтерге жана сунуштарга тиешелүү болот? Компаниянын маалыматтарына ылайык, азыркы учурда оператордун активдүү абоненттик базасынын 72 пайызы так ушул тарифтерди колдонушат.

Өз абоненттери үчүн чын эле керектүү жана пайдалуу кызматтарды сунуштоого умтулуу менен О! мобилдик оператору 2015-жылдын башында "Переходи на О!" республикалык тарифтердин уникалдуу топтомун алгачкылардан болуп иштеп чыккан. Ошондой эле түйүн ичинде акысыз чалуулар жана мобилдик интернеттен тышкары Кыргыз Республикасынын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн 5тен 30 мүнөткө чейин кошулган. Бул тарифтердин топтому миллиондон ашуун абоненттин татыктуу баасына арзыды, анткени оператордун кызматтарын жайлуу колдонуу үчүн бардык керектүү нерселер камтылган, мында ар ким өзүнүн апталык интернет керектөөсүн же кошулган мүнөттөрүн эске алуу менен өзүнө ылайыктуу тарифти тандай алган.

Кийинчерээк рынокко компания мындай талаптарга жооп берген жеткиликтүү баадагы интернеттин тарифтик пландарын аймактардын жана аз калктуу пункттардын тургундарына жеткирүү максатында аймактык топтомдук тарифтик пландарды алып чыкты. Мында абоненттик төлөмү бир кыйла төмөн болгон аймактык тарифтер ошол учурда операторлор аралык туташуулардын аныкталбаган коюмдарынын айынан башка операторлордун номерлерине чалуулар үчүн мүнөттөрдү киргизе алган эмес.

Эми гана тиешелүү мамлекеттик ведомстволор менен кызматташуулардын натыйжасында жетишкен өзгөрүүлөргө ылайык, О! мобилдик оператору жаңы акциянын алкагында "Переходи на О! Түштүк+" аймактык тарифинин кызматтар топтомунда абоненттик төлөмүн өзгөртпөстөн, Кыргыз Республикасынын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 5 акысыз мүнөттү кошуп жатат. Тарифтин жакшырганын О! түйүнүнүн жүз миңдеген абоненттери 2019-жылдын 15-февралынан баштап байкай алышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
12.02.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо кайсы тарифтерге кошулду
12.02.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dastan_nookat, саламатсызбы.

Устундо жазылып кентендей, "Переходи на О! Түштүк+" деген тарифине киргизилген.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
12.02.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Beeline, Mega Com компаниялары эчаак эле киргизген го.
12.02.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bars111,Ошка эн биринчи эле киргизген го. Козунузду чон ачып окусаныз, бул жерде аймактык тариф жонундо кеп журуп жатат.
12.02.2019. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
О тарифине өткөнүбуз менен

антена жакшы кармабайт . кайра эле билайнга отобуз.
13.02.2019. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubat77, cаламатсызбы!

Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
13.02.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар экен.Деги кайсы компанияга кошулушуңду деле билбейсиң адам,Билайн "өлдү" бир жумадан бери интернет жакшы иштебейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: