Улан Абилов президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
Улан Абилов Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан бүгүн, 12-февралда маалымдалды.
"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улан Абилов дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-1

