super.kg logo

"Газпром нефть Азия" 4-жолу "Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү" деген сыйлыкка ээ болду

 

8-февраль күнү өкмөттүн алдындагы мамлекеттик салык кызматы "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомуна "Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүсү" деген сертификатты тапшырды. Мындай сыйлык аталган ЖЧКга республиканын бюджетинин киреше бөлүмүн толтурууга кошкон зор салымы жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен салык мыйзамдарын ыктыярдуу аткаргандыгы үчүн берилди.

"Газпром нефть Азиянын" төккөн салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы өткөн жылы 3 миллиард 896 миллион 29 миң сомду түзүп, анын ичинен 480 миллион сом республикалык социалдык фондго чегерилген. 2016-жылдан тартып "Газпромнефть" май куюучу жайлары ККМ-онлайн - фискализация долбооруна кошулган.

Буга чейин компания "Кыргызстандык мыкты салык төлөөчүсү" наамына 2009-2011-2013-жылдары 3 жолу татыктуу деп табылган.

12 жыл аралыгында Газпром нефть Азия мамлекеттик бюджетти 40 миллиард сомго толтурду.

"Газпром нефть Азиянын" башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Айнура Абдукаримова:

"Газпром нефть Азиянын" баштапкы ишмердүүлүгүнөн тартып эле биз калыс иштегенге аракет кылып келгенбиз жана аракетибизди улантабыз. Ошондон улам биз мамлекет менен да, ар бир кардар менен да тыгыз иштешип келебиз. Өлкө мамлекеттик бюджетти толтурууга муктаж экенин түшүнүү менен кабыл алабыз.

Айнура АбдукаримоваКалктын аяр катмарына жөлөк пулдарды, мамлекеттик кызматкерлерге айлык-маянаны өз убагында төлөө, медициналык мекемелердин, укук коргоо органдарынын үзгүлтүксүз иш алып баруусу жана башка көптөгөн тармактар салыктын эсебинен жүргүзүлөт.

Албетте, компаниянын жана "Газпромнефть" май куюучу жайларынын ар бир кардарына ыраазычылык билдиребиз. Сиздер менен биргеликте биз бюджетке 3 миллиард 800 миллион сом салык төгүп, "Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү" наамына ээ болдук. Бул сиз менен биздин аракетибиздин натыйжасы", - дейт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
12.02.2019. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Eldin kanyn sorup mykty salyk toloboso kim toloyt. Keche deputat ayttygo 30 somduk benzindi 42 somdon satyp jatat dep.
13.02.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zevs,ошону айтсан мына АШАнын кылган элге жардамы
13.02.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Газпром бизге быйыл жаны мектеп куруп берди. Абдан ыраазыбыз
13.02.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жергиликтуу, кыргыздын компаниялары уялсанар боло! Чет олколук Газпром эн мыкты салык толоочу деп ишкана деп аталып жатат
13.02.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматтар!
14.02.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газпром башка май куючу жайларга караганда кымбат койот.Мисалы кыргыз мунай заправкасы ошол ошол эле бензинди 39 40сомдон сатат.Бирок сапаты бирдей кыргыз мунай ашса ашат кем калбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: