super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: ПСЖ конокто "Манчестер Юнайтед" командасын жеңип алды

 

13-февралга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычы старт алды. Анда "Рома" - "Порту" менен "Манчестер Юнайтед" - ПСЖ беттештери орун алды.

"Манчестер Юнайтед" - ПСЖ

Англиянын Манчестер шаарындагы "Олд Траффорд" стадионунда жергиликтүү клуб "Манчестер Юнайтед" франциялык ПСЖны кабыл алды. Беттеш 0:2 эсебинде ПСЖнын жеңиши менен аяктады. Эсеп саны 53-мүнөттө ачылды. Анда ПСЖ бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, Ди Мариянын чыгарып берүүсүнөн кийин Преснель Кимпембе эсепти 0:1 кылды. 60-мүнөттө ПСЖ контр-чабуулга чыгып, Ди Мария топту айып аянтчага көтөрүп, аны Килиан Мбаппе дарбазага киргизди. Муну менен ПСЖ командасы 0:2 эсеби менен жеңишке жетип, жооптук беттеште артыкчылыкка ээ болду. Командалардын жооптук беттеши 7-мартка караган түнү Францияда орун алат. Анда "Манчестер Юнайтед" клубунун жарым коргоочусу Поль Погба бул беттеште кызыл кагаз менен белгиленген үчүн ойнобойт.

"Рома" - "Порту"

Италиянын Рим шаарындагы "Олимпико" стадионунда "Рома" менен "Порту" футболдук клубдарынын беттеши орун алды. Оюн 2:1 эсебинде "Романын" жеңиши менен аяктады. 70-мүнөттө италиялык клубдун оюнчусу Николо Дзаньоло эсеп санын ачса, 76-мүнөттө Дзаньоло кайрадан айырмаланып, эсепти 2:0гө айлантты. Буга "Порту" 79-мүнөттө Адриан Лопестин голу менен берип, эсепти 2:1ге айлантышты.

Беттеш 2:1 эсеби менен аяктап, кийинки беттешти командалар 7-мартка караган түнү Порту шаарындагы "Драгау" стадионунда өткөрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
13.02.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ПСЖдан кутком неймарсыз деле жакшы жыйынтык чыгарышты
13.02.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молодцы Париж.ийгилик,алга
13.02.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ман Юнайтеддин акыркы оюндарда жакшы оюн коргозуп женип келатканынан копчулугу ойлогон болчу,ПСЖны талкалайт деп,еще Неймар Кавани травмада жатса Парижге шанс жок деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: