super.kg logo

Депутат Бишкек ЖЭБи боюнча маалымат угууну сунуштады

 

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов Бишкек ЖЭБи боюнча маалымат угууну сунуштады.

Ал эртең, 14-февралда жыйындын күн тартибинен ар кандай маселени алып салуу керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өткөн жумада депутат Талант Мамытов Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөткө берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат угууну сунуштаганын эске салды. Төрага бул маселе эртеңки жыйындын күн тартибине коюлганын айтты. Ал ар кандай маселени күн тартиптен алып салуу сунушун добушка койду. Жалпы 99 депутат катталып, 78и "макул" деп добуш берди.

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: