super.kg logo

УКМК: "Үй-бүлөсүн Сирияга алып кеткен эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды"

 

Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча иш-чаранын алкагында УКМК ИИМ менен биргеликте эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

"9-февралда Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип келе жаткан жеринен 1991-жылы туулган Р.У. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Бул жаран 2014-жылы чет өлкөлөрдүн бириндеги диний мекемеден билим алып жүрүп, эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнүн азгырыгына кирип, үй-бүлөсүн алып Сирияга кетип калган. Ал жактан уюмдардын согуштук лагерлеринин биринде аскердик даярдыктан өтүп, Сирия жана Араб Республикаларынын бийлигине каршы куралдуу конфликттерге катышкан. Колго түшкөн шектүүнүн үстүнөн 243-берененин (Кыргыз өлкөсүнүн жаранынын куралдуу кагылышууга же чет мамлекеттердеги согуштук аракеттерге катышуусу, террордук даярдыктардан өтүү) негизинде кылмыш иши козголду", - деп билдирет УКМК.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
13.02.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жашырып Р У дей берсенер бизде кайра кобоет мындай ХХХ. Толук маалымат жок го анан уйбулосу кайда ошондо? Фамилиясын тактап кр жарандыгынан чыгарып салгыла да мындайларды
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-13 14:16:32
13.02.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бетин кимден жаап жашырасыңар?
Жарыя кылдыңбы доканца жарыя кылда нары, р.п. у деп божомол кылбай.
13.02.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ислам дини эл жаштар арасында диний фанатизмди атайлап кучотуп жатат. Мечиттерде молдолор кооз создорду суйлошуп жаштардын ан сезиминде сокур фанатизмди ойготуп жатышат. Диний фанатизм - бул духовная отсталость!
13.02.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Диңге берилүү, намаз окуу сыяктуу нерселер чын эле адептүлүүлүкө алып келеби же жөн эле сокур фанатизмди ойготобу? Исламдын кайсы учениялары кыргыздарды Сирияга кетүүсүнө түрткү берип жатат? Дин көп учурда элге дайым бурмаланган маалыматтарды жеткирип тураары чындык. Ошондуктан молдолордун ою менен боло бербейлик.
13.02.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
erlan2196, ошол диндин жетишпегенинен улам сирияга кетип жатышат, Динде согушуп бирөөнү өлтүрмөк тургай 3 күндөн ашык кек сактоо жок, "Террорист" деп Исламга бурмалаган Американын саясаты ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-13 14:42:47
13.02.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Lukman-Hakim,Исламда жихад деген бар. Ошол Сирияга кеткендер динден тушунугу болгон учун жихадка кетип жатышат. Антип актанбай эле кой. Андан коро ислам динге берилбей жон эле кун сайын адам болуп жашайлы. Бир нерсе болсо эле АКШга оодара салбай, озубуз корунгон молдонун оюн ээрчибер, оз акылыбыз менен жашайлы.
J1irg түзөттү 2019-02-13 14:33:22
13.02.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
J1irg, Ислам динин түшүнбөй туруп жихап пихад деп күнөөгө батпа бир тууганым, ислам дини менен күн сайын эле адам болуп жашап келе жатабыз Кудайга шүгүр.
13.02.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Lukman-Hakim, Америкасы жок эле Кыргызстанда жүрүшүп деле, Сирияга кетип калгандар толтура го семьясын алыбалып. Бейишке кирем дешип кетип атышат да, караңгылыкты кантип, качан токтотобуз, жомоко ишенбей?
Aikaaaa түзөттү 2019-02-13 15:50:19
13.02.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikaaaa, Вот именно ошол Динден түшүнүгү жоктор барат сирияга. Жихадты Ислам дини үйрөтпөй, еврейлер үйрөтөт. Ислам динди туура эмес түшүнгөндөр Сирияга кетип жатат!
13.02.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Lukman-Hakim,диндин жетишпегенинен эмес, аша чапкандыгы үчүн ушундай окуя болуп жатат. Мен мисалы динге жетким да келбейт, анан мени бирөө Сирияга же дагы дин үчүн башка жака байласа да бармак эмесмин
Эми бул баланы ошондон аары жоготуш керек, элге жолотпой, жомогуна ишенип алышып жөнөшөт, жардырышат, саткынчыларды
Aikaaaa түзөттү 2019-02-13 15:49:49
13.02.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Диний экстримиздин себеби эмнеде? Кептин баары биздин жасалма имамдарда. Имамдар, аалымдар мечиттерде тышкы кучтордун талаптарын аткарат, диний фанаттарга калп маалымат-ды жеткирип жатышат. Жана адамдын озунун маданиятсыздыгы, билимсиздиги. Диний фанатизм аркылуу эч убакта нравалык жактан онуго албайбыз. Жаштардын адептуулугун гуманисттик билим, искуство аркылуу жогорулата алабыз.
J1irg түзөттү 2019-02-13 14:35:21
13.02.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исламда террорчулук болгондо 1 жарым миллиард мусулмандан дуйнодо согуш болуп кетмек.
Кыргызстан дын 80 пайызы сирияга кетмек.Баардык тармкта акмактар табылат.Светтик экстримист фанаттар табылгандай эле табылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: