super.kg logo

Депутат: "Милиция кызматкерлеринин арасында кандайдыр бир эпидемия жүрүп жатат. Бир туруп алар мас болушуп, бир туруп атышууда"

 

"Милиция кызматкерлеринин арасында кандайдыр бир эпидемия жүрүп жатат. Бир туруп алар мас болушуп, бир туруп атышууда", - деп бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов билдирди.

"Жакында эле Токмокто атышуу болгондугу тууралуу маалымат чыкты. Анан облустук милициянын башчысы бул тууралуу маалыматты басылмалардан окуганын өлкөнүн баарына айтып жатат. Ушундай кантип болсун? Ички иштер министри буга көңүл бурушу керек. Милиция кызматкерлери ок атуучу курал көтөрүп жүрөт. Мас абалында унаа башкарып, ок чыгарганга алардын эч кандай укугу жок. Буга эч кандай чара көрүлбөй жатат", - деди Сулейманов.

Буга ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев: "Мыйзамга ылайык, милиция кызматкерлери катуу көзөмөлдө. Ооба, мен сиз менен макулмун. Алардын ой келди ок чыгарууга эч кандай укугу жок", - деди.

Учурда “Курал жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.02.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бары чала сабат болсо,тааныш аркылуу кирсе жыйынтыгы ошол болот.Таанышым жок жумушка кирип,бугун мени эч себепсиз башканы алып алдык деп кетирип жиберди.РИИБно жумушка кирген элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: