super.kg logo

"Жылдын ыры" жана "Мыкты жазылган ыр" наамын жеңип алган Дональд Гловердин чыгармасы плагиат экени айтылууда

 

Белгилүү америкалык актёр, сценарист, продюсер, режиссёр жана музыкант Дональд Гловер (Childish Gambino) аткарган "This is America" чыгармасы "Грэмми" музыкалык сыйлыгынын "Жылдын ыры" жана "Мыкты жазылган ыр" наамын жеңип алган. Бирок аталган ырды рэп аткаруучу Жейс Харли плагиат экенин айтып чыккан.

"Мен Гловердин ийгиликке жеткенине кубанычтамын. Бирок бири-биринен айырмалангыс чыгарма үчүн сыйлык алуу биздин маданиятка туура келбейт. Мага анын кандай сыйлык алганы маанилүү эмес, болгону менин "American Pharaoh" аттуу чыгармамды укканын моюнуна алсын", - деп айткан рэп аткаруучу.

Ал эми плагиат чыгармасы үчүн айыпталып жаткан Дональд Гловер бул боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Андан сырткары ал "Грэмми" музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземине келген эмес.

Дональд Гловер (Childish Gambino) аткарган "This is America" чыгармасы.

Жейс Харлинин "American Pharaoh" аттуу чыгармасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: