super.kg logo

Жогорку Кеңеште сыйлык катары тапанча тартуулоо туура эмес деген пикир айтылды

 

Сыйга тапанча берген туура эмес деген пикирин бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

"Сыйга тапанча берген туура эмес деген ойдомун. Сыйлыкка берилген куралдар кимдер тарабынан берилет?" - деди депутат.

Буга ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев сыйлыкка берилген куралдар президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан гана бериле турганын билдирди.

"Мурун Ички иштер министри деле берип жүрбөдү беле?" деди Жамалдинов.

"Жок, ички иштер министри мыйзамга ылайык бере албайт. Сыйга берилген тапанчалар "Курал жөнүндө мыйзамга" ылайык берилет. Сыйлыкка берилген куралдарга каражат бюджеттен алынат. Өзүнчө "Сый курал фонду" бар, ошол фонд тарабынан каржыланат", - деп кошумчалады Орозалиев.

"Сыйга мамлекеттик сыйлык берсин, татыктуу болсо акчалай сыйлык берсин. Тапанча менен сыйлоо туура эмес деген ойдомун. Экинчи окууда мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү керек", - деп кошумчалады Жамалдинов.

Жогорку Кеңеште "Курал жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
14.02.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде министр бере албаса Конгантиевди жоопко тартыш керек себеби ИИМ де министр кезинде Акмат. Бакиевге озунун буйругу менен тапанча белеке берген. Андан башка министрлерди текшерсе кобунон чыгат мындай озум билемдик.
Jelezo түзөттү 2019-02-14 14:32:47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: