super.kg logo

Сокулукта жер төлөдөн адамдын жансыз денеси табылды. Чирий баштаган денени келемиштер кемирип кеткен

 

Сокулук районунда эки ай мурун киши колдуу болуп каза болгон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, жансыз дене Сокулук районундагы үйлөрдүн биринин короосунда жайгашкан жер төлөдөн 11-февраль күнү милиция кызматкерлери тарабынан табылып, маркум Ысык-Көл облусунун 42 жаштагы О.С. аттуу тургуну болуп чыккан. Маркумдун денеси сасып, чирий баштаган. Ошондой эле аны кемирүүчү жандыктардын (чычкан же келемиш) кемирип кеткени аныкталган.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө аталган оор кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Ц.В. аттуу адам жана аны менен бирге жашаган 35 жаштагы Я.А. аттуу аял кармалып, экөө тең Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Маалыматтарга караганда, адам өмүрүн алган окуя 2018-жылдын декабрь айынын соңунда болгон. Алар бирге спирт ичимдигин ичип отуруп пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынытыгында О.С. алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: