super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорун тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотту

 

Бүгүн, 13-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Абылгазиев өкмөт мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана ата мекендик бизнести колдоого алуу максатында сатып алуулар тутумун кескин түрдө өзгөртүүгө багыт алууда экенин айтты.

"Жыл сайын 49 миллиард сомдон ашуун каражат мамлекеттик органдардын, бюджеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик компаниялардын муктаждыктарына жумшалат, анын 79 пайызга жакыны импорттолгон болуп саналат", - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр жогоруда айтылган милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн катаал чаралар көрүлө турганын айтты.

Буга байланыштуу мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылбагандыгы үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду кызматынан бошотуп, финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: