ӨКМ: "Былтыр республика боюнча жалпысынан ар кыл мүнөздөгү 99 кырсык катталган"
Кечээ, 13-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйыны өттү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө министрликтин 2018-жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.
ӨКМнын статс-катчысы Азамат Мамбетов маалымдагандай, 2018-жылы республика боюнча жалпысынан ар кыл мүнөздөгү 99 кырсык катталган, анын натыйжасында 1 миллиард сомдон ашуун материалдык зыян болгон.
Анын айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу кырсыктардын жана курмандыктардын саны кескин кыкаргандыгына карабастан, материалдык жоготуулардын суммасы 15 пайызга өскөн. Бул өлкөнүн ар кыл ири рынокторунда бир нече ирет өрт чыгуусуна байланыштуу орун алган.
Ошондой эле Азамат Мамбетов жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана анын алдын алуу, издөө-куткаруу, авариялык калыбына келтирүү жана башка шашылыш иштерди уюштуруу жана жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө кеңири маалыматты сунуштады.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов министрликтин талдоо ишин күчтөндүрүүнүн жана өзгөчө кырдаалдардын ыктымалдыгын кыскартуу максатындагы иш-чараларды өз учурунда жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин өзгөчөлүгү бардык иш-чараларга жана тапшырмаларга ыкчам жооп кайтарууну талап кылат. Кээде айрым маселелердин чечилиши түшүнүксүз себептерге байланыштуу созулуп жаткандыгына күбө болуудабыз. Сиздердин иште мындай нерсеге жол берилбеши керек", - деди Боронов.
Коллегиялык жыйын соңунда министрликтин жетекчилигине бардык талкууланган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

