super.kg logo

Бишкекте таксистке ок чыгарган эки жаран кармалды. Алар эки ай мурун абактан чыккан

 

Бишкекте таксистке ок чыгарган эки жаран кармалды. Алар эки ай мурун абактан чыккан. Окуя 28-январь күнү таңкы саат 04:30 чамасында катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Ош базарынан таксиге отуруп, шаар четиндеги аймактардын бирине жеткирип коюуну суранышкан. Калыс-Ордо жаңы конушуна жетишкен учурда жүргүнчүлөр айдоочуну курал жана бычак менен коркутушуп, унааны токтотууну талап кылышкан. Ошол учурда айдоочу унаадан чыгып, качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми кылмышкерлер айдоочунун артынан кууп, ок атышкан.

"Бул факты Биринчи Май РИИБинин Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренеси "өлтүрүү үчүн кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки иликтөө башталган. Шектүүлөрдүн башка дагы кылмыш ишине тиешеси бар же жогу текшерилгенде, алар уурдоо, зордуктоо, карактоо үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыкканына 2 ай болгону аныкталган. Ошондой эле алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Кармалган С.А. жана О.у.А. Нарын облусунун тургундары болушат. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп кошумчалайт басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.02.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер жүзүн жаппайле койбойсуңарбы
14.02.2019. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камалып чыккан адамга ачылбай калган кылмышты же акчасы коп кылмышкердин кылмышын илип коюш оной иш,жакшы текшериш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: