super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБинде жүргүзүлгөн оңдоо иштери боюнча маалымат берди

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБинде жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берди.

"2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө үчүн комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ЖЭБде буу казан жана турбиналык цехтердин башкы корпусу капиталдык оңдоодон өттү. Атап айтканда, имараттын дубалындагы ачык жерлери толугу менен бүтөлүп, терезелерине айнектер салынды. Андан сырткары имараттын чатыры алмаштырылды. Мындан башка да оңдоо иштери жүргүзүлдү. Үч буу казанынын агрегатында импульстук линияларынын системин жылытуу боюнча иштер аяктады. Эки буу казанынын агрегатындагы калган жылытуу иштерин кийин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек ЖЭБиндеги иштерди турукташтыруудагы негизги кадамдардын бири 2018-жылга карата бекитилген оңдоо жана калыбына келтирүү иштери болуп саналат. 2018-жылы "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун системинде 8 окутуу семинар өткөрүлүп, ага 1150 адам катышкан.

Бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук борбору штаттык режимде иш алып барууда. 7 буу казан агрегаты жана 5 турбоагрегат иштеп, 8 буу казан агрегаты жана 3 турбоагрегат резервде турат", - деди Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: