super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Бишкек ЖЭБиндеги окуя кайталанбашы үчүн өкмөт кандай иш-чараларды иштеп чыкты"

 

"Өкмөт Бишкек ЖЭБиндеги окуя кайталанбаш үчүн кандай иш-чараларды иштеп чыкты?" деген суроону Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев көтөрдү.

"Биз азыр башкы прокурорду уктук. Акыркы сөздөрүн, "суроону этият бергиле, сотко көп тийишпегиле дегенин" да уктук. Бирок бул киши бүт кылмышынын баарын айтып берип койду да. Мындан улам биз регламенттин процедурасы менен туура кеңешип алсак. Биз кылмыштардын баарын угуп келе жатабыз, анын баары соттук өндүрүштө. Анын баарын сот чечет дегенге кошулабыз.

Учурда мамлекетти, Жогорку Кеңешти кызыктырганы - бул маселе кайталанбашы үчүн бүгүнкү күндө өкмөт кандай иш-чаралады иштеп чыкты? Отун, өнөр жай тармагында кандай иштер болуп жатат?Бишкек ЖЭБдеги жагдайды көрдүк, келечекте дагы кандай иштер болот, жаңы ЖЭБдерди, долбоорду иштеп чыгабызбы? Эгер мындай нерсе кайталанса элди кыйнап койбойбузбу? Мамлекеттик, улуттук деңгээлдеги долбоорлордун келечеги кандай болуп жатат? Кара-Кече маселесин уксак болмок, Бишкек ЖЭБдин башчысын угуп, модернизация кайсы тепкичке келди, бүттүбү же бүткөн жокпу, ал качан бүтөт дагы канча каражат бөлүнөт мына ушул тууралуу маалыматтарды уксак туура болмок", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: