super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын өкүлү: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча максималдуу түрдө эсептегенибизде 386 миллион доллар эмес, 275 миллион доллар чыкты"

 

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча биз максималдуу түрдө эсептегенде 386 миллион доллар эмес, 275 миллион доллар чыкты", - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди.

"Бишкек ЖЭБин жаңылоого 386 миллион доллар кетти деп жатабыз. Андан мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирилгени да айтылды. Ошондо 275 миллион доллар калды. Дүйнөлүк банк 150 миллион доллар бергени маалым. Калган каражат кайсы жакта?" - деди депутат Алмазбек Акматов.

Буга УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу кеткен чыгымдарды эсептегенде эң ылдыйкы баа менен эмес, жогорку баа менен эсептелгенин билдирди.

"Модернизацияга кеткен анык бааны чыгаруу үчүн эки түрдүү комплекстүү экспертиза дайындалган. Эң максималдуу баасын чыгарганда 275 миллион долларга жетти. Анын ичине 12 пайыз кошумчаланган нарк салыгы да кошулган. Биздин мыйзамдар боюнча кандай чыгымдар көрсөтүлсө норматив боюнча баары толугу менен киргизилди. Жабдуулар да, колдонулган материалдардын наркына да эң жогорку баалар коюлду", - деди Сагынбек Самидин уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: