super.kg logo
  Саясат  

"Кызматтар иштеп жатат..." "ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыпталгандардан мыйзамсыз мүлк табылдыбы?" деген суроого башкы прокурор так жооп бере алган жок

 

Өткүрбек ЖамшитовБүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча айыпталгандардан мыйзамсыз мүлк табылдыбы?" деген суроосуна башкы прокурор так жооп бере алган жок.

"ЖЭБди жаңылоо боюнча айыпталгандардын бирөөсүнөн мыйзамсыз мүлк табылдыбы? Мисалы, өз кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн пара же башка нерсе алат да. Ошол айыпталып жаткандардын чет өлкөдөгү банктык эсептерин, жаңы сатылып алынган үйлөрүн таба алдыңарбы? Балким, башка мүлк табылгандыр. Балким, ошол адамдардан акча таптыңыздарбы?" - деди Бекешев.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Туура суроо бердиңиз. Бул кылмыштын ичинен тийиштүү эпизоддор бөлүнүп алынган, тийиштүү адамдарга карата өзүнчө материалдар бөлүнгөн. Ар бир багыт боюнча тиешелүү мамлекеттерге атайын тапшырмалар жөнөтүлгөн. Акчанын изин табуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Эгер акчалар табылса азыркы соттолуучулардын үстүнөн кошумча беренелер менен кылмыш иши козголот", - деди.

"Демек, табылдыбы ошондо?", - деди депутат.

"Айтып, түшүндүрдүм. Иш жүрүп жатат. Тиешелүү багыттар боюнча тийиштүү кызматтар иштеп жатат. Элдин акчасын уурдагандар мыйзам чегинде жооп берет", - деп кошумчалады башкы прокурор.






Депутат: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча айыпталгандардан мыйзамсыз мүлк табылдыбы?"

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: