super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: Канатбек Бегалиев туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилейт

 

Бүгүн, 14-февралда грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, чыгаан спортчу Канатбек Бегалиев 35 жашка толду.

SUPER.KG порталы спортчуну туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, ал ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилей турганын айтты.

Канат Бегалиевдин жетишкендиктери:

  • 1998-жылы Орусия Федерациясынын Москва шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк жаш өспүрүмдөр оюндарында жетинчи орунга ээ болгон.
  • 1999-жылы Дания Республикасынын Никобинг шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Дүйнөлүк биринчилигинде олжолуу бешинчи орунга ээ болгон.
  • 2000-жылы Иран Республикасынын Хамадан шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
  • 2001-жылы Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн Азия биринчилигинин алтын медалынын ээси.
  • 2002-жылы Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
  • 2003-жылы Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында өткөн чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде коло байгени жеңип алган.
  • 2004-жылы Афина Олимпиадасына Ташкент шаарында өткөн лицензиялык турнирден күмүш байгеге ээ болуп, жолдомо алган.
  • 2006-жылы Кытай Эл Республикасынын Гуанжоу шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун 66 килограмм салмак ченинде күмүш байгенин ээси.
  • 2007-жылы Бишкек шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча ХХ Азия биринчилигинде 66 килограмм салмак ченинде алтын байгенин ээси.
  • 2008-жылы ХХIХ Бээжин Олимпиадасынын 66 килограмм салмактагы грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин жеңүүчүсү.

2017-жылы команданын башкы машыктыруучусу болгон

Белгилей кетсек, Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Эл аралык класстагы спорт чебери. 2003-жылы Азиянын чемпиондугунда коло медалга ээ болгон. 2013-жылы карьерасын жыйынтыктап, курама команданын машыктыруучусу болуп дайындалган. 2017-жылы команданын башкы машыктыруучусу болгон. Ал эми 2018-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп иштеп келет.

Жубайы менен

Үй-бүлөлүү 2 уул, 3 кыздын атасы.

14-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: