super.kg logo
  Саясат  

"Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кармалган 8 аткаминер пара алды дегенге оозум барбайт" дейт депутат

 

"Атамбаев менен Исаковдун кылмыштуу келишимин мыйзамдаштырып гана бергенбиз, кармалган 8 аткаминер пара алды дегенге оозум барбайт", - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

"Бишкек ЖЭБи - Кыргыз мамлекетинин тарыхында "Кумтөрдөн" кийинки экинчи афёра. Бул техникалык жактан да, иликтөө жагынан да өтө татаал. Себеби экинчи тараптын Кытайдан кат алуусу, кандайдыр бир далил алуусу татаалыраак. Баяндаманы уктук, бирок негизги документке баа коюлбай жатат.

Парламентке бул документ 2013-жылы декабрда келип жатат, ал эми 2013-жылдын 6-июнунда бөлүм башчы Сапар Исаков бааны бычып, кайсы фирма экенин бычып, 390 миллион доллар деп Атамбаевге кат жазып жатат. Эмне себептен буга укуктук баа берген жоксуңар. Ал өзүнүн ээлеген кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Эмне үчүн президент өкмөткө тапшырбай, түздөн-түз Артыкбаевге макулмун аткаргыла деп жатат. Анан президент айтканды аткарбай көргүлөчү.

Калгандарыбыз, депутаттар, силер Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковдун кылмыштуу келишимин мыйзамдаштырып гана бергенбиз. Тактап айтканда, ишти экөө эле чечип койгон. Кармалган 8 аткаминер пара алды дегенге оозум барбайт. Негизги катка эмнеге укуктук баа берген жоксуңар? Бул кылмыштын булагы. Бөлүм башчы кантип бааны, компанияны аныктайт?" - деди Иманалиев.

Буга Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бөлүм башчысына карата ишти "коррупция" беренеси менен сотко өткөрүп жатабыз. Ал эми башка эпизоддор боюнча өзүнчө материалдар бөлүнүп алынган. Бул жагдай боюнча тергөөчүлөр тарабынан бул катка укуктук баа берилет", - деди.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу кемчиликтер боюнча айыпталгандар:

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун директору Айбек Калиев;

"Улуттук энергетикалык холдингдин компаниясынын" директорунун биринчи орун басары Нурлан Садыков;

“Электр станциялары” компаниясынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев;

“Электр станциялары” компаниясынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев;

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов;

Бишкек ЖЭБинин экс-жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу жана анын биринчи орун басары, башкы инженер Курманбеков.

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: