super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор: "Экс-президентке карата материалдар өзүнчө бөлүндү, тергөө тобу укуктук баа берет"

 

"Экс-президентке карата материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды, тергөө тобу укуктук баа берет", - деп бүгүн, Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Бишкек ЖЭБи боюнча ишке экс-президенттин тиешеси жокпу? Ага укуктук баа берилбедиби? Аткаргыла деген каттар жүрөт", - деди депутат Алмазбек Токторов.

УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу: "Мурунку мамлекет башчы жана башка мамлекеттик кызматкерлердин үстүнөн материалдар өзүнчө бөлүндү. Ага кошумча укуктук баа берилет. Эми сиз айткан кишинин экс-президент деген макамы бар, ошол маселелер укуктук жактан чечилсе, анан баа берилсе болот деген ойдобуз. Кошумча маалыматтар берилет", - деди.

"Статус жок, жоопкерчиликке тартса болот. Сапар Исаков жетекчиликке жагынуу максатында ушул иш-аракеттерди жасаган деп айтылды. Ал жөн эле жагынуубу же кандайдыр бир материалдык кызыкчылык болгонбу?" - деп кошумчалады депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов буга: "Коррупция" беренеси менен "уюштуруучу" деп айып коюп жатабыз. Экс-президент менен Сапар Исаковдун жазышкан каттары, анын негизинде мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келгендиктен "коррупция" беренеси менен иш козголгон. Экс-президентке карата материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды, тергөө тобу өзүнчө укуктук баа берет", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: