super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндүн Орказган айылынын тургундары катаал кырдаалга чыдап жашап жатканына рахмат" дейт окурман

 

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Орказган айылы кыштын күнү кар жааганда борбордук бөлүктөн бөлүнүп калат. Анткени кар калың жаап, байланышты кыйындатып, жол жабылат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Орказган айылы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн борбордук бөлүгүнөн 18 чакырым алыс жайгашкан. Кышында кишинин боюндай кар түшүп, жол жабылып калганда айыл эли борбордук бөлүк менен байланыш түзүү үчүн өздөрү кол менен жол ачышты. Ушундай оор кырдаалга чыдап жашап жаткан айыл элине рахмат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Орказган айылына кар түшүп, жолду эл тазалады

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.02.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне трактор жок бекен
14.02.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчанын бары транспорт министрлигинде. ДЭУ эмне кылып жатат. Жолду кышкы күтүү жеп акча каралат, кар тазалаганга май карап коюшпайбы.
15.02.2019. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыл Окмотунордо бекерчилер отурабы эмне?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: