super.kg logo

УКМК: "Милициянын подполковниги пара алып жаткан жеринен кармалды"

 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам тобу менен биргеликте бүгүн, 14-февралда ИИМдин кызматкерин опузалап пара алып жаткан жеринен кармады. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын Ж.Н. аттуу тергөөчүсү кылмыш ишине тиешеси бар адамдан 1700 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен колго түштү. Милициянын подполковниги Ж.Н.ны кармоо иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене (Опузалап пара талап кылуу) менен мурда катталган материалдын негизинде жүргүзүлдү. Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Нурлан Жолдошев пара алып жаткан жеринен кармалганын тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.02.2019. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
карыздан кутулуу учун энергиянын акчасын которуп элден жыйнабай ошол акчаны жеп салган чиновниктердин ишин жакшы текшерип ошолорго толоткону жакшы башка жеп тойбостор жеп кеткен акчаны неге эл толош керек мисалы лично мага 1 сом пайдасы тийген жок ал Тецтин мен 13 жылдан бери уй булоомду айылга таштап мигрант болуп журом кыйналып тапкан акчамы неге беришим керек
15.02.2019. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жылда бироону кармашат мындай пара алгандар коп го
15.02.2019. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россия болбосо эмне кылат элек?Мен да дипломду алып,чан бастырып бул жакта катардагы жумушчу болуп иштеп журом.Кайран билимим!Кыргызстандан бир да пайда жок,жалан Россиянын нанын жейбиз.Мамлекетти соргондор толой беришсин,балдарымдын ырыскысын бергени менде куч жок!
15.02.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге т.н б с деп жазасыңар мындайлардын атын толук жазгыла да
15.02.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайнинердей кылып тергебей аты жонун жазып суротун чыгарып койобергиле
15.02.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын толук жазылса баары билсе жакшы болмок.жашыргандын озундо да чоон корупция бар да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: