super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра каралат

 

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу "24kg" агенттигине "Адилет" укуктук клиникасынан билдиришти. Мындан ары экс-депутаттын кызыкчылыгын аталган укуктук клиниканын юристтери коргойт.

Маалыматка ылайык, материалдар Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Андан ары процедурага ылайык, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна өткөрүлмөкчү.

"Текебаевдин укугун коргой турган юристтер күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароону өтүнүшкөн. Ошондой эле жактоочулар учурда Башкы прокуратурада юристтер жөнөткөн кат каралып жатканын билдиришти. Аталган катта ЖАМК Өмүрбек Текебаевдин буга чейинки абакта отурган күндөрүн эсептөө менен аны жатак-абакка которуу мөөнөтүн туура эмес эсептешкени жазылган. ЖАМК амнистияга ылайык, 2 жыл 8 ай кыскартылган убакытты эсепке албай койгондугу айтылган. Анын негизинде Текебаев ушул жылдын март айында жатак-абакка которулушу керек эле", - деп айтылат маалыматта.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын камалышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: