super.kg logo
  Спорт  

Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу туруна даярданып баштады

 
Кыргыз улуттук курама командасы 2016-жылы өткөн Кышкы Азия оюндарында

Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу туруна даярданып баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, тандап алуу туру Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 31-марттан 6-апрелге чейин уланат. Ага 6 команда катышып, 1 команда Дүйнө биринчилигине жолдомо алат. Кыргыз курамасынанан тышкары бул мелдеште БАЭ, Таиланд, Гонконг, Кувейт, Босния жана Герцеговинанын курама командалары катышат.

Кыргыз улуттук курама командасы учурда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Жыйындар 14-февралда башталып, 4-мартка чейин созулат. Жыйынга чакырылган спортчулардын тизмесинде учурда 29 спортчу бар, алардан 20 спортчу тандалып Дүйнө чемпиондугуна барышат.

Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын кеңейтилген тизмеси:

  • Дарбазачылар:
    • Александр Петров, Темир Муктарбек;
  • Коргоочулар:
    • Эрназар Исманов, Адис Качкынбеков, Аман Эсен уулу, Адилет Жоокаев, Эрсултан Мирбеков, Владимир Носов, Максим Егоров, Кузьма Терентьев;
  • Чабуулчулар:
    • Жанболот Тагаев, Уран Турсунбеков, Саламат Тыналиев, Эдил Өмүрбеков, Бексултан Паизов, Канат Абылмечин уулу, Владимир Тонких, Артём Горобец, Антон Кудашев, Александр Титов, Михаил Чувалов, Андрей Тришкин, Даниил Шушеньков, Олег Колодий, Владимир Ничипуренко, Мухаммед Улугбек уулу, Ислам Абдраев, Артём Семилетко, Нуржан Ибраимов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.02.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик коштосун!!!
15.02.2019. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А жакшы жакшы.Кыргыз жигиттерибиз дагы хоккейге кызыккандар кобойо баштаптыр.
15.02.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футболчуларыбыздай ийгилик жаратаарыңа ишенем. Алга Кыргыз шумкарлары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: