Ооган жергесинен советтик аскерлердин чектелген контингентинин чыгарылган күнүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара өтүүдө
Бүгүн, 15-февралда Ооган жергесинен советтик аскерлердин чектелген контингентинин чыгарылган күнүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара өтүүдө.
Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жана Ооган согушунун ардагерлери катышууда. "Ооган жергесинен советтик аскерлер толук чыгарылып кеткенден бери 30 жыл өттү. Көп улут өкүлдөрүнөн турган советтик армиянын катарында 7 миңден ашык мекендешибиз өз милдеттерин аткарды. Ооган согушунда 248 мекендешибиз каза болгон. Бир жарым миң жоокерибиз жаракат алып, жаш жигиттер майып болушту. Мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша сиздерге социалдык колдоосун көрсөтүп келет", - деди президент.
Иш-чара алкагында ардагерлерге белек тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.