super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын өкүлү: "Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча өткөн угууну сотко карата далилсиз кысым катары баалайбыз"

 

"Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча өткөн угууну сотко карата далилсиз кысым катары баалайбыз", - деп бүгүн, 15-февралда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирүү таратты.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги угуулар жактоочу Нурбек Токтакуновдун айткандарын гана тастыктады.

"Токтакунов буга чейин Сапар Исаковдун жана башка айыпталуучулардын дарегине коюлуп жаткан айыптоолор тергөөчүлөрдүн куру кыялдарына гана негизделгенин билдирген эле.

Кечээ күнү Жогорку Кеңеште өткөн угууну биз сотко карата эптеп жасалган жана эч кандай далилдери жок кысым катары баалайбыз. Бийликке ушундай кысым керек болуп турат. Анткени жок дегенде акыйкаттык бар ар кандай соттук процессте ЖЭБди модернизациялоодон келип чыккан зыян боюнча тергөөчүлөр ойдон чыгарып кураган айыптоолордун түзүмү оңой эле баш аламан болот. Зыяндын суммасы ачык эле ойдон чыгарылган. Сапар Исаковдун спикерди, премьер-министрлерди жана башка адамдарды мыйзам бузууга мажбурлаганы боюнча эч кандай далилдер жок.

Экс-президенттин дарегине айтылып жаткан "коркутуулар" жөнүндө айтсак. Тергөө бул жылдар ичинде Кыргыз мамлекетинде бир гана президенттик аппарат иштеп, парламент жана өкмөт, спикерлер жана премьерлер таптакыр иштебей эле унчукпай мыйзамдарды бузуп гана отурушкан деп эсептейт окшойт. Сапар Исаков, президент да эч качан мыйзамдарды бузууну талап кылышкан эмес. Алмазбек Атамбаевдин иш стилине болсо дайыма адистердин пикирин угуу мүнөздүү болуп келет. Спикер, премьер-министр эч качан президентке жана анын аппаратына баш ийген эмес. Алардын ар биринде бийлик да, ыйгарым укуктар да жетишерлик болгон", - деди Жолдубаева.

Кечээ, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБи тууралуу маалымат угулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: