Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары жолугушат
Бүгүн, 24-июлда мамлекеттик чек ара кызматынын
төрагасы Курманакун Матенов Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысы Рустам
Эминжанов менен жолугушат. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей,
жолугушуунун жүрүшүндө Аксы районундагы чек арада болгон атышуу тууралуу
сүйлөшүүлөр болот. Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июлда эки өлкөнүн чек ара
башчылары телефон аркылуу сүйлөшүшүп, жаңжал тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
үчүн жолугушуу керек экендигин белгилешкен. Эске сала кетсек, 23-июлда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жети загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, бир өзбек чек арачысы окуя болгон жерден каза болсо, дагы бир чек арачы ооруканадан көз жумган. Жаңжалды өзбек тарап баштаганын КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

