super.kg logo

Бишкек мэриясында бир нече жаңы дайындоолор орун алды

 

Бишкек мэриясында бир нече жаңы дайындоолор орун алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Борбор шаардын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бош кызмат орундары үчүн мурда жарыяланган конкурска катышуу үчүн 300дөй адам арыз берип, 141 конкурсант компьютердик тестирлөөдөн өттү. Маектешүүнүн жыйынтыгы менен кызматтарга жаңы дайындоолор белгиленип, тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Азиз Суракматов кол койду", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы дайындалган кызматкерлер жана алардын кызматтык орундарынын тизмеси:

Аида Рыспаева - Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси;

Уланбек Азыгалиев - Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси;

Медербек Алиев - Шаарды өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчиси, Караш Насер - орун басары;

Керимбай Чойбеков - Санитардык-экологиялык инспекциянын жетекчиси, Медербек Амангелдиев - орун басары;

Алия Абдыкеримова - Биринчи Май райондук билим берүү борборунун директору;

Алтынбек Маматов - Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;

Мавлян Аскарбеков - Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясынын жетекчисинин орун басары.

Мындан сырткары социалдык өнүктүрүү боюнча вице-мэр Асел Куламбаева кызматынан кеткенине байланыштуу анын милдетин убактылуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: