super.kg logo

Ленин райондук сот УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тартты

 

Ленин райондук соту Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тартты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы түрткү болгон.

Ленин райондук соттун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Суталиновду абактан бошотуудан баш тартты. Соттун мындай чечим чыгаруусуна Суталиновдун абак жайынын эрежелерин бузган учурлары болгону себеп болгон.

Ал эми Мурат Суталинов сот залынан чыгып баратканда арызданбай турганын айтты.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражады рагы менен жабыркаарын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.02.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгарып эле койушпайбы эми бул байкушту бул деле буйрукту аткарганда ал эми ошол убакта буйрукту берген Бакиев болчуда УКМК түздөн түз Президентке баш иетда.
15.02.2019. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канча баланы аттырды 2010 жылы кантип бошотсун. Камалсын
15.02.2019. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өлгөнү калды деп Батукаев чыгып кетти го 1 түндө
16.02.2019. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Митинге чыккан элге колу менен бир жерин жаңсап көрсөтпөдү беле бир кезде бул генерал эми ошону азабын тартсын
16.02.2019. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши элди атпай эле Форумда элге куралдарын таштап качпады беле?
16.02.2019. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунун аягында чейин турмодо чириш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: