super.kg logo

Астротөлгө: 17-февралда жеңишке умтулган ийгиликтүү адамдар төрөлүшөт

 

Бул күнү жарыкка келгендер амбициялуу, акылдуу жана ийгиликтүү келишет. Жетекчи болуу үчүн жаралган адамдар. Өзүнө болгон ишеними күчтүү жана көк бет. Алдыга туура максат коюп, ага жетүү үчүн болгон аракетин жумшашат. Бир ийгилигине кубанып отуруп калбастан, экинчисин көздөп, ага жетүү үчүн бүткүл дүйнө менен күрөшүп, жеңишке да жетишет. Кылган аракетин үй-бүлөсү, достору, керек болсо муктаж болгон бейтааныш адамдар үчүн арнайт. Жеңгенди да, жеңилгенди да билген бул адамдар маселе жаралып калса токтоолук, сабырдуулук менен иш кылышат.

Гумандуу, ойчул, жаңычыл жана адамдар менен бат тил табышып кете турган сапаттары да бар. Бул сапаттары өзү каалаган бийиктиктерге жетип, ошол жакта кармалып турууга жардам берет.

Сезимдер жаатына келсек, таза жана тунук махабатты күтүп жашашат. Көп тармактуу, кызыктуу адамдардын тобунда жүргөндү жактырышат. Алардан бир нерсе үйрөнүп калуу негизги максаты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: