super.kg logo

SUPER TV: Жан дүйнө. Жарым жыл күттүргөн билдирүү

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

"Сүрөттөгү киши ким?" - деген билдирүү келди WhatsApp’тан.

– Группалашым.

– Бул сүрөттү профилиңден алып салчы, сураныч.

Жумуштан чарчап келип, телефонду ойлуу тиктеп жаткам. Маанайым жок болчу. Бул билдирүүнү окуганда кадимкидей жандана түштүм. Бул менин сезимдеримдин жообу деп кабыл алып, көздөрүм жайнай түштү. Жанагы суз кебетем жаркырап, бактылуу жылмайып алдым. Ушул жерден тактоочу суроону беришим керек эле.

Эмнеге алып салыш керек?

– Мен сени кызганам да...

Мына, сага! Мындай билдирүүнү мен жок эле дегенде жарым жыл күткөм. Сен экрандын артында эмне болуп жатканын көргөн жоксуң. Бирок бир билдирүүң менен мага көп күнгө жете турган энергия бердиң. Ордумдан туруп алып кадимкидей секирдим, каткырдым, күзгүдөн карап, өзүмө суктандым. Андан кийин музыканы катуу чыгарып алып бийледим. Бул башы гана болчу..."

Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.






Жан дүйнө. Жарым жыл күттүргөн билдирүү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
24.02.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну камерага тартып чагылдырмак турсун, оозеки бироого айта турган деле нерсе эмес экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: