super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Москвада иштеп жүргөн кыргыз бала жол кырсыгынан каза болду

 
Каза болуп калган жаран.

Кечээ, 14-февралда кечке жуук Москвада жол кырсыгы катталып, Кыргыз жараны каза болуп калды. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Кырсык Москва шаарынын Орехово бульварында катталды. Каза болуп калган бала "Якитория" деген ресторанда курьер болуп иштечү. Сыртынан эле жердеш деп таанычумун. Мен ушул эле кафенин башка түйүнүндө иштейм. Каза болуп калган баланын аты Нургазы, 1995-жылы туулган. Кырсык каш-кабактын ортосунда болуп кетти дешти. Каза болгон бала кезектеги буюртманы жеткирип келүү үчүн унааны шашып айдап бара жаткан экен. Анткени "Якитория" рестораны кардарга 45 минуттан кечиктирип жеткирсе, курьерге айып салат. Ошентип шашып бара жатып киши ташыган автобус менен сүзүшүп алыптыр", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Москвада жол кырсыгы катталып, кыргыз жигити каза болду (14.02.19)

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
15.02.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жайы жанатта болсун, акча табам деп чёт жактарда темселеп жаш омурлор кыйылып кетип жатат жогоруда отурган букадай чондорго наалат айтам, качан бизда оз олкобуздо жакшынакай болуп иштейбиз качанга чейин Орустардын ишин кылабыз ацткылачы чондор арам АКЧАНАР тешип чыкса экен акуйдогулорду!
15.02.2019. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Шашкан шайтандын иши дейт. Негизи бул курьерлер коп учурда камера жок болсо жол эрежесин козго илбей кутуруп унаа айдашат деп уктум эле тааныштарымдан.....

Эмнеси болсо да акырети жарык болсун...

Кор тиричилик деп барган да эмне болгон кундо да, жыргаганынан Россиялап жургон эч ким жок.....
CEO1 түзөттү 2019-02-15 18:38:31
16.02.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
CEO1,дайыма кесир суйлойсун
16.02.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакындарына Аллах сабыр берсин!!!
жаны жаннаттан болсун!!
18.02.2019. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да курьер болуп иштейм бул баланы тушуном биздагы ушундай 45мунутта жеткизиш керек Аллахым бейиштен оорун берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: