Түркияда кыргыз кыз-келиндери сексуалдык кулчулуктан куткарылды
Түркияда Кыргыз мамлекетинин сексуалдык кулчулукта жүргөн кыз-келиндери куткарылганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Аталган өлкөнүн полиция кызматкерлери Стамбул шаарынын 7 районуна түнкү текшерүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 85 адамды кармашкан.
"Кармалган 85 адамдын ичинен 35 кыз-келин Кыргыз мамлекетинин жана Өзбекстандын жарандары болгон. Аларды кылмышка шектүүлөр мажбурлап, социалдык тармак аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүгө кардар таап берип, иштетишкен", - деп жазылат маалыматта.
Кармалган 85 адамдын ичинен 20сы адам сатуу жана мажбурлап сексуалдык кулчулукта алып жүрдү деген жүйө менен суракка алынып жатат. Ал эми 35 аял өз өлкөлөрүнө чыгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кыргыз кыз-алакандай жеринерди эптеп
Алып анан суйлосонор.же мен далилдеп
бериш керекпи сага?